Чет өлкөлүк жарандар үчүн милдеттүү текшерүүлөр
Последнее обновление
6 окт 2023
Чет өлкөлүк жарандар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшү, расмий сүрөткө түшүшү жана манжа издерин тапшырышы керек Бул талаптарды Россия Федерациясына биринчи жолу кирип жатканда аткаруу керек — муну федералдык мыйзам талап кылат.
Кимдер качан текшерүүдөн өтүшү керек
Россияга 90 күндөн узагыраак мөөнөткө келгендердин баарынан милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшү, расмий сүрөткө түшүшү жана манжа издерин тапшырышы талап кылынат.
Иштөө үчүн келгендер Россия Федерациясына киргенден кийин 30 күн ичинде бул текшерүүлөрдөн өтүшү зарыл. Эгер келүү максаты жумушка байланыштуу эмес болсо, өлкөгө кирүүдөн кийин 90 күн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүү жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу керек.
Манжа издери бир жолу гана — Россияга биринчи жолу киргенде тапшырылат. Медициналык текшерүүдөн жыл сайын өтүш керек.
Биринчи медициналык текшерүүдөн кийин маалымкат (корутунду) берилет, анда документтин жарактуулук мөөнөтү — 1 жыл деп көрсөтүлөт. Маалымкаттын жарактуу мөөнөтү бүткөндө, бир айдын ичинде кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүш керек.
Тешкерүүдөн кимдер өтпөсө болот
Мыйзам боюнча 6 жашка чейинки балдар жана Беларусь Республикасынын жарандары, ошондой эле жашап турууга убактылуу же туруктуу уруксаты таризделген башка мамлекеттердин жарандары мындай текшерүүлөрдөн өтүүгө милдеттүү эмес.
Кайсы документтер керек
Медициналык текшерүүдө, сүрөткө түшүүдө жана манжа издерин тапшырууда чет өлкөлүк жаран жанында төмөнкүлөрдү алып жүрүшү зарыл:
паспорт,
паспорттун орус тилине которулган жана РФ нотариусу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
миграциялык карта
миграциялык каттоого туруу жөнүндө билдирүү (убактылуу каттоо)
Убактылуу каттоого туруу үчүн берилген мөөнөт
Эгер сиз Орусияга башка өлкөдөн келсеңиз, каттоодон өтүшүңүз керек. Бул «Миграциялык каттоого туруу» деп аталат.
Беларусь жана Украина жарандары үчүн каттоо мөөнөтү 90 күндү түзөт. Жумуш максатында келген Казакстан, Армения же Кыргызстандын жарандары үчүн — 30 күн, ал эми Тажикстан жарандары үчүн 15 күндүк мөөнөт берилет.
Калган башка бардык чет өлкөлүк жарандарга эрежелер бирдей: өлкөгө келгенден кийин 7 жумушчу күндүн ичинде каттоодон өтүш керек.
Каттоого кайсы жерде жана кандай мөөнөткө турса болот?
Орусиядагы чет өлкөлүк жаран каалаган жеринде: батирде, жатаканада же мейманаканада жашай алат. Эң башкысы — ал ошол жакта каттоого турушу зарыл.
Эгер чет элдик киши Орусияга визасыз кирсе, анын каттоосу эң көп 90 күнгө созулушу мүмкүн. Эгер визасы бар болсо, каттоосу максималдык мөөнөтү — визасынын мөөнөтү бүткөнчө созулат.
Текшерүүлөрдөн өтүлбөсө эмне болот
Эгер Россияда иштеп жаткан чет өлкөлүк жаран керектүү процедуралардан өз убагында өтпөсө, бийлик органдары анын РФте жашап туруу мөөнөтүн кыскарта алышат, патент же иштөөгө уруксатын жокко чыгара алышат.
Текшерүүлөрдөн кайсы жерде өтүш керек
Россия Федерациясынын ар бир регионунун жетекчилиги манжа издерин тапшыруу жана сүрөткө түшүү үчүн керектүү борборлорун, медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн медициналык мекемелердин тизмесин өз алдынча аныктайт. Булар жөнүндө маалыматтар аймактык администрациялардын расмий веб-сайтында жайгаштырылышы мүмкүн.